«Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке ар бир облустан бирден район жана Бишкек жана Ош шаарынан бирден команда катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды
Мелдештин жыйынтыгы:
Белгилей кетсек, Кыргызстандын райондор аралык чемпионаты биринчи жолу өткөрүлүп, иш-чараны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы уюштурду. Оюндар 17-февралда башталып, 22-февралда жыйынтыкталды.