• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көк бөрүчүлөр мелдештен уткан унаасын имамга белек кылышты

23 Жетинин айы 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган авто унаасын айылдын имамына белекке беришти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ат-Башы районунун айылдары арасында көк бөрү оюну өткөн. Анда, баш байгеге «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа коюлуп, аны Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары утуп алышкан. 

Көк бөрүчүлөр аталган унааны көп жылдан бери имамдык кылып келе жаткан Медер Турдубековго мечиттин иштерине пайдалануу үчүн беришкен.

Количество просмотров: 720