• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көк бөрүдө көп жетекчи

6 Жалган куран 2019 13:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

Сауд Аравиядагы этнофестивалга Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти катары Жыргалбек Саматов бара тургандыгы белгилүү болду.

Аталган маалыматты Жыргалбек Саматов өзү тастыктады.

Белгилей кетсек, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, Жыргалбек Саматов жетекчиликтен алынып, анын ордуна «Түндүкэлектр» ишканасынын директору Искендер Кадыркулов шайланган. Бирок, Саматов өзү курултай легитимсиз өткөнүн айтып, аны жөн гана жыйын деп эсептей турганын билдирген эле.

Эскерте кетсек, «Говори ТВ» мультимедиалык агенттигине Көк бөрү федерациясынын Ысык-Көл областы боюнча федерациясынын өкүлү К. Хасанов маек берип, Көк бөрү федерациясынын курултайы легитимсиз өттү деп маалымдаган.

Количество просмотров: 18