Көк бөрү: Таластын «Ынтымак» командасы финалга чыкты (видео)
Көк бөрү: Таластын «Ынтымак» командасы финалга чыкты (видео)
19 Жалган куран 201813:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.03.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери өтүүдөө. Анда 4 команданын өз ара беттешип, «Ынтымак» командасы алгачкы болуп финалга чыкты.
Жарым финалдын алгачкы беттешинде Таластын «Ынтымак» менен Чүйдүн «Биримдик Аю» командаларынын беттешти. Жыйынтыгында «Ынтымак» командасы атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн, финалга дагы 1 жолдомо ойнотулат. Анда Оштун «Достук» жана Чүйдүн «Арашан» командалары кездешет.