• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көкбөрүдөгү чыр: ИИМ билдирүү таратты

1 Аяк оона 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМ тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун «Төлөйкөн» атмайданында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Жабыркаган жарандар жок.

Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Ички иштер министрлиги региондор аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 324