• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген Рысалиев кармалды

6 Жалган куран 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жараны Рысалиев Таалайбек Кумашевич Бириккен Араб Эмираттарында аныкталып, кармалды. Ал маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 48 жаштагы жаран үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кармалган.

Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сырттан каралып, камакка алынды.

«Т.Рысалиев маркум кримтөбөл К. Асанбектин жакын адамы болуу менен, анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы түздөн-түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аны Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 84