• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Көлбаевдин жактоочусу анын бөгөт чарасын кароо боюнча сотко берген арызын кайтарып алды

3 Жетинин айы 2020 11:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Көлбаевдин бөгөт чарасын кароо боюнча сот жараяны токтотулду. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз катчысы кабарлады.

Анын айтымында, буга Көлбаевдин жактоочусунун шаардык сотко берген арызын кайра кайтарып алышы негиз болгон.

«Жактоочу тарабынан шаардык сотко берилгин арыз артка кайтарылып алынгандыктан, бул ишти кароо токтотулду. Демек, буга чейинки инстанциянын чечими күчүндө калды», — деп билдирди катчы.

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы кечээ 2-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда кармалмак, бирок Көлбаев алынып келинген эмес жана сот бүгүнкүгө калган эле.

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Көлбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан. 

Количество просмотров: 99