• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Көлдө жылкы уурдап чыккан адам видеокөзөмөлгө түшүп калып кармалды

8 Бештин айы 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жылкы уурдоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

 Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү Түп райондук милициясына 46-жаштагы Ой-Тал айылынын тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 20.30 чамаларында белгисиз адам мал сарайына кирип, бир баш жылкысын жетелеп чыкканын, андан кийин үй ээлери көрүп калып, артынан кууганда, уурдаган малды талаага таштап качып кеткенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси мал уурулук фактысы видеокөзөмөлгө түшкөн тасманы да милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Аталган жаран жылкыны сарайдан алып чыгып бара жатканы видеокөзөмөлгө түшүп калган. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурулукка шектелип Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52-жаштагы тургуну К.М. кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган. 

Количество просмотров: 3056