• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Күндө арак ичип мас экен». Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасын сындады

7 Кулжа 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынынын соңунда кызуу болуп кабинетине кире албай жаткан чиновниктин видеосу көрсөтүлдү.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айтты.

“Биз көптөн бери мыйзамдарды иштеп чыгып, реформаларды жүргүзөлү, сот системасына мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Бирок соттор өзүлөрү оңолбосо, мыйзамдардарды алтын тамгалар менен жазып койсок да реформаны мындай соттор менен аягына чыгара албайбыз. Мына бүтүндөй бир облустун сотторунун төрөгасы күндө арак ичип мас экен. Күнүгө кабинетине ушундай кирет экен. Урматтуу жогорку соттун төрайымы, тазаланыңыздар. Бул адамды тезинен чакырып, соттук кеңешке салыңыз”, — деди Жапаров.

Количество просмотров: 1121