• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн сүрөтү: «Атамды бошоткула!». Активисттин баласы зээнди кейитти

6 Чын куран 2021 11:52 Бишкек Govori.TV

«Массалык башаламандык» уюштурууга жана «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады» деп кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) 15-апрелге чейин камакта калтырылды.

Бүгүн, 6-апрелде сот имаратынын алдына активисттин жакындары менен тарапташтары чогулду. Анда «Атамды бошоткула!»деген жазуу кармаган активисттин баласынын сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

Эске салсак, 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Количество просмотров: 1821