• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Күндүн сүрөтү: Дүйнө лидерлеринин арасынан Жапаровду таба алдыңызбы?

2 Жетинин айы 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 конференциясы башталды. Анда 200 өлкөдөн барган 25 миңден ашуун делегат планетаны температуранын глобалдык ысышынан сактоо маселесин талкуулашат.

Глазгодогу жолугушуунун негизги максаты — 2015-жылы кол коюлган Климат боюнча Париж келишиминин аткарылышынын алгачкы жыйынтыктарын чыгаруу. Эксперттердин баамында, пандемиядан улам бир жылга жылдырылган саммит дүйнөлүк өнөр-жай державалары үчүн глобалдык ысуу процессин ооздуктоо чараларын макулдашууга акыркы мүмкүнчүлүк болуп калышы ыктымал.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитине Кыргызстандын да президенти Садыр Жапаров катышууда.

Ал арада соцтармактын көңүлүн дүйнөнүн өлкө башчылары катарма-катар тизилген сүрөт бурду.

Количество просмотров: 19291