• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Күндүн сүрөтү: Жакшы маанайда пикир алышкан кыргыз-казак президенттери 

25 мая 2023 в 10:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жакшы маанайда пикир алышып жаткан сүрөтү 24-майда Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынында тартылган.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.

Количество просмотров: 49