• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Күндүн сүрөтү: Жээнбеков Жапаровго бийликти берди

16 Тогуздун айы 202018:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Ага отставкага кетип жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, катышты. Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.
Кезексиз жыйында парламент төрагасы Канатбек Исаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө кан төгүлбөсүн деген максатта барганын айтып, анын экс-президент катары мыйзамда каралган бардык артыкчылыктары камсыздалышы зарылдыгын билдирди
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. Натыйжада кечээ 15-октябрь күнү Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү боюнча арызын жазган.

Количество просмотров: 123