• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Айдарбековдун дайыны айтылды. Курултай максатына жеттиби?

28 Жетинин айы 2022 18:17 Бишкек Govori.TV

КУРУЛТАЙ МАКСАТЫНА ЖЕТТИБИ?

Бишкекте өткөн эки күндүк Биринчи Элдик Курултайдын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды. Анда төмөндөгүлөр камтылган:

Жогорку Кеңешке сунуштама: 2023-жылдын май айына чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алып берүү;

Министрлер кабинетине сунуштама: Кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү;
Делегаттар сунуштаган авариялык мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү. Аларды республикалык бюджетке киргизип, курулуш иштерин баштоо;

Кыргыз жарандарынын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;

Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү жана башка…


УКМК ДЕПУТАТ ТУУРАЛУУ…

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем»,-деп жазды ал.

Ошол эле учурда Акаев Айдарбековдун учурда кайсы жакта экени тууралуу маалымат калтырган эмес.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалды деген маалыматты четке каккан. Атайы кызмат Айдарбеков суракка чакырылбаганын белгилеп, ал казак-кыргыз чек арасын кесип өткөнүн кабарлаган.

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева 27-ноябрга караган түнү социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу төмөндөгүлөрдү кабарлган.

«Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков тажияга баратышкан. «Ак Жол» өткөрмө бекетинде Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген. Аны УКМК кармады. Биз чогулуп, аны бошотушту», — деп жазган ал.

Ал эми кечээ Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбековдун дайынсыз болуп жатканын айткан.

АЯЛЫН ӨЛТҮРГӨН АДАМ КАРМАЛДЫ

Чүйдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча шектүү Орусияда кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Милициянын маалыматы боюнча, 14-октябрда Сокулук районунда жайгашкан БЧК суусунан зомбулуктан каза болгон адамдын сөөгү табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө агымдын жогору жагынан, башкача айтканда Бишкектин аймагынан сөөктүн калган бөлүктөрү табылган.

Аталган факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, табылган сөөк аялга таандык экени аныкталып, бирок жансыз дененин бузула баштаганына байланыштуу аялдын өздүгү белгисиз бойдон калган. Кийин өлтүрүлгөн аялдын өздүгү такталган, ал Аламүдүн районунун Пригородное айылынын 1974-жылы туулган тургуна болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аялды өлтүрүүгө анын күйөөсү 1968-жылы туулган жарандын катыштыгы бар экени аныкталган. Шектүү кылмыш жасагандан кийин Россияга кетип калганына байланыштуу ага байланыштуу издөө жарыяланган. 25-ноябрында жөнөтүлгөн багыттамага ылайык, Россиянын Ички иштер министрлигинин Ханты-Мансийск шаарындагы кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, камакка алынган. Учурда аны Россиядан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат жана кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 21-27-ноябрга чейин 19 адам коронавируска кабылды. Маалыматка ылайык, илдетке кабылгандардын ичинен бешөө ооруканага жаткырылып, 14ү үй шартында дарыланууда. Ал эми 2022-жылдын 20 ай 27 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 783 учуру катталган.
Кошумчалай кетсек, Кытай бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 3 миң 709унда оорунун белгилери билинген, 36 миң 82синде белгилери билинбеген учур. Мындан тышкары, бир адам каза болгон. Ошентип, Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 миң 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 миң 233кө жеткен. Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда.

БАШКЫ БАЛАТЫ ОРНОТУЛУУДА

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Балатыны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда.
Быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотушат. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.
Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.

Количество просмотров: 1179