• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапырт кармалган 11 журналист тергөө абакка которулду. Футбол уюмунун президенти кызматтан кетти

29 Үчтүн айы 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТТЕРДИ  ТЕРГӨӨ АБАГЫНА КОТОРУУ

13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналист СИЗОго которулду. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Жаныш Бараков билдирди.

Бараков жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы шаардык сотто февралда карала турганын кошумчалады.

Буга чейин, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган.

Борбордун билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, камалган журналисттерди Бишкек шаардык милициясынын жана Ички иштер министрлигине караштуу башка жайларда кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

“Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө сотунун чечими дароо күчүнө кирери жана ал милдеттүү түрдө аткарылышы керектиги белгиленген”, — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ бул тууралуу азырынча жооп бере элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

 “САПАТТЫН” МУГАЛИМИ ДАГЫ БИР НЕЧЕ ОКУУЧУНУ САБАГАН

“Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим дагы жети балага кол көтөргөнү кабарланды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында айтты.

25-январда Баткен облустук милициясы аталган лицейде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айып тагылды.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шектүү үй камагына чыгарылып, иш тергелип жатканын кошумчалады.

Эске салсак, социалдык тармактарда мугалим окуучуну ур-токмокко алып жатканы тартылган видео тараган.

УНАА СҮЗҮП КЕТКЕН КЫЗДЫН АБАЛЫ

Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу жана оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жабыркаган кызды бүгүн травматология бөлүмүнө которуу пландалууда.

Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен. Унаа Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси жана 312-беренеси боюнча иш козголгон.

Кошумчалай кетсек, кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы — Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

ФУТБОЛ БИРИКМЕСИНИН ЖЕТЕКЧИСИ ИШТЕН КЕТТИ

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков иштен кетти. Бул тууралуу аталган бирикменин фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, 29-январда Кыргызстандын футбол бирикмесинин кеңсесинде мекеменин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия Кубогундагы оюнунун жыйынтыгы тууралуу Медербек Сыдыковдун маалыматы угулду. Ошондой эле Медербек Сыдыков КФУнун президенти кызматынан кеткендигин билдирди.

«Бул чечим ата мекендик футболду өнүктүрүүгө жаңы дем берүү, ошондой эле КФУнун башкаруу командасына жаңы адамдарды тартуу зарылдыгы менен негизделди. Ошондой эле жетекчинин артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту» , — деп айтылат маалыматта.

Бул кызматка Сыдыков 2021-жылы октябрда келген.

Эске салсак, быйыл Катарда өткөн Азия Кубогунда кыргыз курамасы Таиланд менен Сауд Арабияга 0:2 себинде утулуп, Оман менен тең чыкты.

Количество просмотров: 189