• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ат минген талапкерлер БШКнын эскертүүсүн алды. Коронавирустун жаңы түрү канчалык кооптуу?

22 Бештин айы 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт киши көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Айрым өлкөлөрдө коронавирустун жаңы пайда болгон жаңы штаммы мурдагылардан бат тарап, жугуштуулугу 70 пайызга жогору. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура брифинг учурунда билдирди.

БШК АТКА МИНГЕН ТАЛАПКЕРЛЕР БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

Бүгүн, 22-декабрда БШКнын жумушчу тобу президенттикке талапкерлерге берилген белектер боюнча маселени карады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Гулнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, талапкерлер үгүт учурунда тартуу кылынган белектерден баш тартышкан.

ЖАШТАР ФОРУМУ

Форумдун уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүндүн айтымында, Иш-чаранын башкы максаты өсүп келе жаткан муунга Кыргызстанда да мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, аларды өлкөдө калтыруу.

ИИМ КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ЭККМКтин басма сөз кызматы кабарлады.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЭС АЛУУ КҮНДӨРҮ ТАКТАЛДЫ

Жаңы жыл майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Количество просмотров: 204