• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев тергөө купуясын коомго ачыктаганы жатат…

23 Аяк оона 2019 19:08 Бишкек Govori.TV

Абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин кылмыш ишине катыштыгы бар делген мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу тиешелүү документтер менен таанышышканын айтып, бирок анда Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген эч кандай жагдай жок экенин билдирди.

Андан сырткары жактоочу материалдардын бир бөлүгүнөн купуялыкты алып, аларды ачыктоону талап кылып, арыз беришээрин айткан. Ал эми ИИМден иштин материалдары менен таанышууга берилген убакыт бүткөнүн белгилеп, иш 26-сентябрдан кийин сотко берилээрин билдирди.


Бүгүн, 23-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да — ошондой мааниге ээ экенин белгиледи.


30 жыл ичинде мамлекеттик тилибиз канчалык өнүгүп өстү, кандай ийгиликтерге жетти, саресеп салып, үйдө коомдук жайларда жалаң гана эне тилинде сүйлөсөк кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө ар бирибиз салым кошкон болобуз.
Кененирээк «Күндүн ыргагында»…

Количество просмотров: 4307