• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Күндүн ыргагы: “Баарына каршылар” митингге чыкты. Өкмөт башчы элге нааразы…

23 Аяк оона 2020 18:50 Бишкек Govori.TV

 БҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнү, өз ара түшүнүшүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганы айтылат.

“БААРЫНА КАРШЫЛАР” МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

 Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарында 50гө жетпеген адамдын катышуусунда нааразычылык акциясы өттү. Чогулгандар алдыдагы парламенттик шайлоодо «баарына каршы» добуш беришээрин айтышууда. Алар эмне себептен мындай кадамдарга барууну чечти кененирээк кабарчыбыздын материалында…

 “РЕСПУБЛИКАНЫН” ҮГҮТЧҮСҮ САБАЛГАНЫН АЙТТЫ

22-сентябрда “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев “Фейсбуктагы” баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирген.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

БОРОНОВ ООР КҮНДӨРДҮ ЭСКЕ САЛДЫ

Айрым жарандар беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унутту. Бул тууралуу 23-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ошол эле эле маалымат жыйында премьер -министр Боронов шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.

ОРУС-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА КАЛГАН КЫРГЫЗДАР

Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктарды  эртең мекенине алып келет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 3 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,  22-сентябрда саат 17лер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында “Тойота Авенсис” жана “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Количество просмотров: 630