Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.
Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткени экс-президент Курманбек Бакиев тууралуу эстелбей калган.
Бул жумада экс-президент Курманбек Бакиевдин кичүү иниси Адыл Бакиев «Майдан» гезитине маек берген. 2010-жылга чейин ТИМде иштеген Адыл Бакиев Казакстанда жашап жүргөнүн, Кыргызстанга инвестиция салууга ниеттери бар экенин айтып чыккан.
Мындан улам Башкы прокуратура Бакиевдерди эстеп, Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына иликтөө уланып жатканын эске салды.