• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бороновдун жылдызы жанды… Убактылуу. Жанар Акаев Абылгазиевдин түбүнө жетеби?

16 Кулжа 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ КЫРДААЛ

 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдети 100 адамдын анализинен аныкталса  анын 57 учуру Бишкекте экени белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.

 “ОПТИМА БАНКТАН” КОРОНАВИРУС ТАБЫЛДЫ

«Оптима Банктын» бир катар кызматкерине коронавирус оорусу жукканы аныкталды. Банктын сайтында жарыяланган маалымат боюнча, оору жуккан кызматкерлер жана алар менен байланышта болгондор карантинде. Маалыматта кошумчалангандай бейтаптардын эмгектенген оорду, ошондой эле айлана-тегереги, имарат дезинфекцияланган.

ЖАҢЫ ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮНӨ КИМДЕР СУНУШТАЛДЫ?

 Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков премьер  министр Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды. Ал эми көпчүлүк коалиция тарабынан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлиги өкмөт башчылык кызматка көрсөтүлүп, жактырылды.  Белгилүү болгондой, Кубатбек Боронов өкмөттү Жогорку Кеңеш шайлоосуна чейин гана башкарат. Ал техникалык премьер болот. Кубатбек Боронов учурдагы саясат кыймылында бекем болууга убада кылды.

АБЫЛГАЗИЕВДИН ТҮБҮНӨ АКАЕВ ЖЕТЕБИ?

Жыштык чырында Абылгазиевдин катыштыгы каралыш керек деп  айтып чыккан депутат Жанар Акаев бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев суракка келип зжатабы деп кызыкты. Депутат Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Алтынбек Исмаиловго жыштык сатуудагы коррупцияны жоюшу керектигин айттып, кайрылды.

ЫЗЫ-ЧУУ МЕНЕН КЫЗМАТТАН КЕТКЕН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕР

Кыргызстандын мурунку премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулукта сын пикирлерди жараткан жыштык чырынан улам өкмөт башчылык кызматтан кетти. Ал эми биз буга  чейин ишмердиги чыр менен коштолуп, ээрден оогон премьер-министрлерди тизмектеп көрдүк.

АБЫЛГАЗИЕВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

 Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана Өкмөттүн Аппаратынын жамааты менен жолугушуу учурунда өзүнүн өкмөтү 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болгонун айтты. Ошондой эле Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго жана элге ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 439