• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Күндүн ыргагы: Чуу жараткан баңги топтун мүчөлөрү колго түштү. Жапаров шаардагы чуңкурларга нааразы

4 Чын куран 2023 17:44 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КАЙРА ШАЙЛОО БОЮНЧА ҮН КАТТЫ

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агентигине кезектеги маегин берди.

Анда президент эч бир талапкерди кабыл албаганын жана алдыда да кабыл албай турганын, шайлоого эч ким кийлигишпесин айткан.

«Мурда президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот», — деп айткан президент.

Президент ошондой эле каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өткөрүү планы бар экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген. Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган. Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти.

ЖАПАРОВ ТРОТУАРЛАРДЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы маданий жайларды кыдырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Жапаров эртең мененки кыдырууну Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынан баштады. Ал учурда реконструкциядан өтүп жаткан театрдын имаратынын сырты начар абалда экендигин белгилеп, көңүл бурууну тапшырды.

Андан ары Жапаров М.Фрунзе атындагы көчө менен А. Осмонов атындагы Улуттук китепканага чейин жөө басып өтүп, анда мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү жана көрктөндүрүү боюнча сынактын чыкканы белгиленди. Жапаров долбоордун маанилүүлүгүн белгилөө менен жеңүүчү компания көптөгөн факторлорду, анын ичинде борбордук Ала-Тоо аянтына жакын жайгашканын эске алышы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы борбордун маданий жайларын текшерүү учурунда шаардын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларына баа берип, алардын начар абалда экендигин белгиледи.

“Бул чуңкурларды карагылачы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, коляска менен жүргөн энелер кантип басат. Баарын ирээтке келтиргиле, адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү керек”, — деген Жапаров, мэрге Бишкек шаарындагы жөө адамдар өтүүчү тротуарларды оңдоо боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

ЭКС-МИНИСТРДИН КЕҢЕШЧИСИ АКТАЛДЫ

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарган.

«Ошондой эле соттун өкүмү менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды», — деди ал.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова өткөн жылдын 17-майында кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдары башталган. Кийин үй камагына чыккан.

БАҢГИ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-апрелде буга чейин социалдык тармакта маңзат соодасына байланыштуу курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди.

Мекеме 4-апрелде билдиргендей, курьерлерди сабагандар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Принцесса Дури” деген интернет дүкөнүнөн кечирим суроого мажбурлашкан.

“3-апрелде Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы, 2000-жылы жана 2004-жылы туулган жарандар кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн тек-жайы такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгонун, анда мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралганын билдирди. Маңзат менен алектенген топтон жапа чеккендерди милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.

Өткөн аптада маңзат жеткирип иштегени айтылган кишилердин сабалганы тартылган видео тарап, бул боюнча ИИМ териштирүү иштерин баштаганын билдирген.

ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Бишкекте пара алууга шектелип Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички тергөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча шектүү делип, Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөөчүсү УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 413