• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: COVID-19дан дагы 5 адам каза болду. Ыңкылаптын аркасынан түрмөдөн чыккандар кайрадан кайтарылууда

12 Тогуздун айы 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КАЙРАДАН ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗДИ

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты жазды.

ЖАПАРОВ ӨКМӨТТӨ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Парламенттин депутаттары өкмөт башчы кылып бекиткен Садыр Жапаров Өкмөт аппаратына жумушчу жыйын өткөрдү.

ЫҢКЫЛАПТА БОШОТУЛГАНДАР АБАККА КАЙТАРЫЛУУДА

Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен кайра абакка келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

БШК ТЕКЕБАЕВГЕ МАНДАТЫН КАЙТАРГАН ЖОК

Бүгүн, 12-октябрда БШК саясатчы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн жазган арызын карады.

АСКЕРДИК УНАА ЖОГОЛДУ

Бишкектеги баш аламандык учурунда Америкада жасалган “Интернационал” аскердик жүк ташуучу унаа уурдалган. Бул маалымат 12-октябрда Ички иштер министрлигинин Аскердик ички коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан тастыкталды.

Количество просмотров: 281