• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутаттар Акыйкатчыны кетирүү аракетин көрүүдө. Жогорку сот активистти абактан чыгарды

19 Чын куран 2023 18:48 Бишкек Govori.TV

АЙРЫМ АЙМАКТАРДЫН АТЫ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп аталса, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

КЫРГЫЗ ТИЛ МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тили тууралуу мыйзам долбоору каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

Депутаттардын суроолоруна Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жооп берди. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдошту. Ошону менен бирге сунушталган долбоордун нормаларын сактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти.

Депутат Эмил Токтошев кыргыз тилин латын алфавитине которууну сунуштады. Ал мындай кадам менен кыргыз тилин өнүктүрмөкпүз деген пикирде.

Ал эми депутат Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, кыргыз алфавитине өзгөртүү киргизүү  тууралуу сунушун айтты. Ал белгилегендей алфавитке дагы кошумча тамгаларды кошуу керек.

Жыйында сөз алган депутат Эрулан Кокулов кыргыз тили тууралуу мыйзам кабыл алынса анын толук кандуу аткарылышы ишке ашпайт деп белгилеп, аны популисттик мыйзам деп атады.

Белгилей кетсек, бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Ага 79 депутат макул деп добуш берип, мыйзам долбоор жактырылды.

АКЫЙКАТЧЫНЫ КЫЗМАТТАН АЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирди.

Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын негизинде парламентте чечим кабыл алууда талаш-талкуу чыкты
Акыйкатчы мындан бир күн мурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин жыйынында жылдык баяндама жасаган жана анда «баяндама эске алынсын» деген чечим чыгарылып, жалпы жыйынга кароого жөнөтүлгөн.
Атыр Абдрахматова бул кызматка 2022-жылы мартта шайланган.

КАРАСАРТОВА КАМАКТА КАЛДЫ

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова 20-июнга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи мй райондук соту чыгарды.

Эске салсак, укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы кароо боюнча 18-апрелде белгиленген Биринчи май райондук сотундагы отурум жылып калган.

Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырды. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

БЛОГЕР АБАКТАН ЧЫКТЫ

Жогорку сот 19-апрелде Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырды. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды.

Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн.

Блогер быйыл январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда «Жапырт башаламандык» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Милиция анын күнөөлүү экенине далил бар экенин билдирсе, активист, жакындары жана адвокаттар кылмыш ишин анын социалдык тармактардагы активдүүлүгү, бийликти сындаганы менен байланыштырган. 

АЛТЫНДАР МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫНЫП КЕЛИНГЕН

300 миллион сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, “JAC” үлгүсүндөгү автоунаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 121