• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Элдер баш ийбесе чектөөлөр күчөтүлөт. Депутаттар өкмөткө нааразы

6 Бугу 2020 19:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, өлкөдө акыркы суткада катталган жаӊы учурлардын ичинен 5 учур сырттан келген. Ушул эле маалымат жыйында өлкө боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 12ге жеткени айтылды. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 871ге жетти.

ЧЕКТӨӨЛӨР КҮЧӨТҮЛҮШҮ МҮМКҮН

Саламаттык сактоо министрлиги эгер эл көчөгө себепсиз чыгып, карантин талаптарын аткарбаса, өлкөдө кайрадан кескин чектөө чаралары киргизилиши толук ыктымал. Бул тууралуу 6-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал айрым чектөөлөр алынгандан бери адамдардын көчөгө көп чыгып жатканы, унаалардын кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Ошондой эле Үсөнбаев жашоочулар карантин режимин бузуп, берилген сунуштарды аткарбаса, биз коронавирустун экинчи толкунуна анча алыс эмес убакта — эки жумада кабылышыбыз мүмкүн деген пикирин айтты.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ СЕЛДИН КЕСЕПЕТИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеш Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече райондордогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Анда Баткендин Лейлек районунда катталган сел алып келген чыгым 55 млн. 267 миң сомго жеткенин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Ошондой вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жалал-Абад облусунда катталган селдин чыгымдары эсептелип жатканын айтты.

ДЕПУТАТТАР ӨКМӨТКӨ НААРАЗЫ

Укук коргоо органынын кызматкерлери кошумча айлыктан баш тартышпаганын айтышууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал эми вице-премьер министр Акрам Мадумаров милиция кызматкерлерине каражат толук төлөнө турганын депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып  билдирди. Ал эми эл өкүлү Жанар Акаев  парламенттин жыйынында өкмөттөн жөлөкпул жана пенсияларды берүү тууралуу чындыкты айтууну талап кылды. Депутат Мирлан Жээнчороев болсо, жоопкерчиликти аткара албай жаткан өкмөт отставкага кетиши керектигин айтты.

КОЙ-ТАШ БОЮНЧА СОТТУК ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна белгиленген Кой-Таш окуясы жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук отурум 11-майга жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Маалыматка караганда, сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калганынына байланыштуу кийинкиге жылган.

Количество просмотров: 538