• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Фермерлер митингге чыкты. Москвада өлтүрүлгөн Анвардын апасы Орусиянын тергөө комитетине кайрылды

13 Чын куран 2023 18:43 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН АКШГА САПАРЫ

Ушул жылдын 11-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штататтарына болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Мындай жагдай коомчулукта сын-пикирди жаратты. Айрымдары ал жака «акча суроо үчүн барды. Карыз ала турган болсо, аны карапайым калк төлөйт»,-деген нараазычылыктарын жазышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары да өз пикири менен бөлүштү.

СУВАНАЛИЕВ ШАЙЛООГО БАРАТ

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Маалыматка ылайык, Суваналиев Ленин округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга арыз берген 17-талапкер.

Суваналиев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн коменданты болуп турган. 2019-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек,  депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт. Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары кафеде болгон мушташтан улам мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлаган.

СҮТТҮН БААСЫ: ТАЛАСТА МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 13-апрелде Талас облусунун  тургундары облустук өкүлчүлүктүн алдына чогулушту.Чогулгандар облустук жетекчиликке, акимчиликке ишенич көрсөтпөй, Президентке кайрлыуу кылып, сүттүн баасын карап берүүнү айтышты. Алар белгилегендей учурда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын элден 26 сомдон алып, заводго 30 сомдун айланасында өткөрөт. Завод сүттү арзан алып жатканына нааразы айрым тургундар сүтүн өткөрүүнү токтотушкан.

Сүттүн баасы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Бүгүн, 13-апрелде  2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жатканда депутат Дастан Жумабеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылды. Депутат маселени чечип берүү аракетин кылуу керек деген пикирде.

Белгилей кетсек, Талас облусунда жеке менчик беш сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт.

Кыргызстанда сүттүн баасынан улам чыккан нааразылык биринчи жолу болгон жок. Жыл сайын жазында сүт багытындагы уй баккан Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери бул маселени көтөрөт.

АЙЫЛ БАШЧЫ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчисинин жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды.

Такталгандай, ал жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, айыл башчы мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды. Бул факты КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тактоо иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө айыл башчы текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 12-апрелинде шектүү  УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ӨЛТҮРҮЛГӨН ЖИГИТТИН АПАСЫ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Ал уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранууда.

Жанышева орусиялык тергөөчүлөр Анвар өлтүрүлгөн учурда анын жанында болуп токмок жеген Раатбек аттуу тууганынан арыз алуудан баш тартканын, бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрбөй жатканын айтты.

Подмосковьеде бычакталган Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү 26-мартта Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлаган.

Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген эмес, окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү «Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгогонун кабарлаган.

Количество просмотров: 231