• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Көлбаевдин унаалары боюнча УКМК билдирүү таратты. «Берекеттин» жетекчилиги кармалды

19 Үчтүн айы 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ЖАПЫРТ КАМАЛЫШЫ

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, бир катар чет өлкөлүк элчиликтер, орусиялык эркин журналисттер Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрүнүн кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан. Журналисттердин жапырт кармалып, камалышынан улам

Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө бир катар эл аралык уюмдар да чакырууда.

16-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунда, “Арча медиада” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген жалпы 11 кызматкерди милиция 16-январда кармап кеткен. 17-январда чыккан соттун чечими менен алар эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык тартипсиздиктер») 3-бөлүмү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу») менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны жана эки башкы редакторун суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат. Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

УКМК КӨЛБАЕВДИН УНААЛАРЫ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунаанын атайын кызматка берилгени тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 19-январда тараткан маалыматта айтылат.

«УКМК буга чейинки ыкчам-тергөө иштерининин жүрүшүндө Көлбаевге таандык унааларды аныктап, бул мүлк боюнча чечим кабыл алуу үчүн аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп берген. УКМКнын балансында өзүнүн милдетин аткарууга жетиштүү сандагы автоунаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл мүнөздөгү, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик мекемелердин гана маалыматтарын алууга чакырат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтын билдирүүсү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги комментарий бере элек.

17-январда аталган агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергенин билдирген.

Эске салсак, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

 “БЕРЕКЕТ УНИВЕРСАЛДЫН” ЖЕТЕКЧИЛИГИ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Бишкектеги “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода борборлорунун негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөдө “Берекет” жабык акционердик коомунун жетекчилери 2017-жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Алардын баасынын чарчы метри 500дөн 2000 долларга чейин болгону, мындан тышкары ишкерлерди 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашканы айтылат.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 19-январда “Берекет” ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев жана компаниянын президенти Индира Абласова кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30% арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, “Берекет” жабык акционердик коому ижарачылардын 90% ижара акыны 10% гана төмөндөтүшкөн”, — деп айтылат маалыматта.

ТИК УЧАК КЫРСЫГЫНДА КӨЗ ЖУМГАН АСКЕР ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн, 19-январда Бишкекте тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудинов акыркы сапарга узатылды.

Маалым болгондой, Жайыл Самудинов 24-февралда 30га чыкмак. Ал 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктаган. Үч бир туугандын улуусу болгон Самудинов жазында үйлөнөм деп турганын жакындары айтып берген. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири, капитан Жайыл Самудинов курман болду. Ал болгону 29 жашта эле.

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары кырсыктын себептерин териштирип жатат. Тергөө калыс жүрүшү үчүн бир нече аскер кызматкери жумушунан убактылуу четтетилгени белгилүү болду.

ҮЧ ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунун стоматология бөлүмүндө операция жасалып жатканда чарчап калган үч жашар кыздын туугандарын кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Бейшеналиев аталган борбордун директору, бөлүм башчысы, ошондой эле анестезиолог жана стоматолог кызматынан бошотулганын билдирди.

Министрдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн.

“Комиссия анализдин жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына мындан аркы чечимдерди кабыл алуу үчүн өз сунуштарын берди. Окуу жайдын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылды. Ошондой эле сиздер адегенде жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника да иштебей турат”, — деди министр.

Эскерте кетсек, Бишкектеги жеке стоматологиялык клиникалардын биринде 3 жаштагы кыз анафилактикалык шоктон улам чарчап калган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1992-жылы туулган  жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 276