• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ооруканадан бейтаптар эвакуацияланды. Онлайн окутуу чечими сынга калды

13 Бештин айы 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

ОНЛАЙН ОКУУ. МИНИСТРЛИК СЫНГА КАЛДЫ

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева суукка байланыштуу мектептерди онлайн режимине өткөрүү чечиминин кеч чыкканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал 13-декабрда маалымат жыйында белгилегендей, мындай чечим Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Балдардын коомдук транспорт менен каттоосуна кыйынчылык жаралганы эске алынганын, бирок мектептерге талаптагыдай жылуулук берилип жатканын айтты.

Мунун алдында өлкө боюнча 13-14-декабрда мектептерди онлайн окууга өткөрүү боюнча министрдин буйругу чыккан. Кендирбаева бул буйрукта эгер температуралык көрсөткүч талапка жооп бербесе, сабактарды онлайн режимде улантууга уруксат берилгенин билдирди.

Айрым ата-энелер министрликтин мектептерди онлайн окууга өткөргөн буйругу тууралуу маалымат кеч берилгенине нааразылык билдирип, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып чыгышты. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Жанар Акаев мындай чечим боюнча алдын ала маалымат бербеген кызматкерге чара көрүүнү сунуштады.

Кыргызгидромет борбору, жакынкы күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, абанын температурасы төмөндөй турганын маалымдаган.

УНАА ЖОЛДОГУ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНДЫ

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алынды.  11-декабрда аталган жолдогу Арал өткөрмө бекетинде Бишкекти көздөй келе жаткан чоң машинелерге, 12-декабрда Сосновка өткөрмө бекетинде Ош тарапка бараткан жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилген. Расмий маалыматта бул чара катаал аба ырайында жол тыгынын жаратпоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Шейшемби күнү Оштун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Бекжар — Кичик-Теке — Лаглан ички чарбалык жолу кар күрткүсүнөн улам жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштери уланып жатканын, жол ачыла электигин маалымдады. Аталган айылда кардын калыңдыгы 12-декабрда 60 сантиметрге жетти.

Андан тышкары Ош — Сарыташ — Эркечтам жолундагы Чыйырчык ашуусундагы бурганактан улам жүк ташуучу автоунаалардын каттамына чектөө коюлган.

Кыргызгидромет борбору 13-14-декабрда өлкө аймагында суук аба ырайы болорун эскертүүдө. Чүй, Нарын, Талас облустарында сууктун күчү -27 градуска чейин, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында -10 градустун тегерегинде, тоолуу райондордо -30 градустан аша турганын билдирген.

БОМБА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

Бомба тууралуу маалыматтан улам Бишкек шаарындагы ГУМ соода борборунун айланасы курчоого алынып, жарандар эвакуацияланган.

Ага чейин Бишкекте №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам бейтаптар эвакуацияланганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкен. Маалыматка ылайык, ооруканага барган министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектеген.

«Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда», — деп айтылат маалыматта.

Кийин ооруканадан жарылуучу зат табылбаганы маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги бир катар мектептерге, жогорку окуу жайлардын имаратына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу кабар түшүп келет. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланган окуялар болгон. Маалымат тастыкталган эмес. УКМК жалган маалымат тараткан жарандардын бир нечеси кармалганын билдирген.

БИШКЕКТЕ УНАА ӨРТТӨНҮП КЕТТИ

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Түркия элчилигинин имаратынын жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Рулду 27 жаштагы жаран башкарып бараткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, айдоочу унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтотууга аргасыз болгон. Андан соң унаадан өрт чыккан.

«Бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок», — деп айтышты ИИМден. Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр унаадан чыккан жалынды толугу менен өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.

Учурда жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

АЙЫЛДАШЫН АТКАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүйдө айылдашын бутка атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү саат 00:10 чамасында Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө эки жаран уруша кетишкен. Ал мушташка айланып, 1973-жылы туулган жаран ТТ үлгүсүндөгү тапанчасы менен 1993-жылы туулган жаранды бутка атып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1973-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 192