• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК Ташов менен Куреновдун тарапташтарын кармады. Шадиевдин базары мамлекетке өттү

11 Үчтүн айы 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНГА КАРАЖАТ БӨЛДҮ

Евробиримдик 8-январда Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 11-январда билдирди.

Ага ылайык, которулган каражат Жогорку технологиялар паркындагы санариптик инновациялык борбордун ишине көмөк көрсөтүүгө, жарандарга электрондук кызмат көрсөтүү үчүн “Санарип-Аймак” системасын өлкө аймагына жайылтууга жумшалат. Ошондой эле бул колдоо өлкөнүн киберкоопсуздугун бекемдөөгө, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да тиешелүү.

Гранттык жардам менен министрликтердин жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалат.

“Ошондой эле бюджеттик колдоого электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары да камтылат”, — деп айтылат маалыматта.

 “БАТКЕН-КОМФОРТТУН” 64% АКЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТТҮ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөнүн билдирди.

Атайын кызмат 11-январда тараткан маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттин Мүлк боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда жеке кызыкчылыгы үчүн борбордогу үч гектарга жакын жер тилкесин арзан алып, өзүнүн туугандарына каттатканы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө базардын ээлери “Баткен-Комфорттун” 64,38% акциясын ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен.

9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик негизги акционер катары базардын жетекчилигин алмаштырган. Ушул жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынан ижара үчүн ай сайын чогултулган 10 миллион сомго жакын каражат (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт. УКМК “Баткен-Комфорттун” калган акциялары 2020-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев жана жубайы Асел Шадиеванын наамында экенин, аны да сот менен конфискациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады.

УКМК ТАШОВ МЕНЕН КҮРӨНОВГО БАЙЛАНЫШЫ БАР 2 АДАМДЫ КАРМАДЫ

«Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңовдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине жигердүү катышкан» деген шек менен тарапташтары катары саналган адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айта кетсек, УКМК Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөновго иш козгогон. Учурда эки шектүүгө издөө жарыяланган.

«Кармалган шектүүлөрдүн бири Ош жана Жалал-Абад облустарына координатор болуп, ар кандай негиздер боюнча нааразычылык акцияларын өткөрүү үчүн эл чогултуу, акча таратуу, Бишкекке адамдарды ташып келүү милдеттерин аркаламак. Дагы бири Талас облусунан алып келинген. Анын милдети АКШдагы ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болмок. Аны менен катар Имамидин Ташовдун жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акчалар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо чаралары көрүлүп жатканы кошумчаланды.

«KG ГРУППТАН» ҮЙ АЛГАНДАР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Бүгүн, 11-январда «KG Групп» курулуш компаниясынан үйлөрүн ала албай жаткан жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына чогулушту. Үлүш ээлеринин айтымында,  курулуш компаниянын директору Имамидин Ташовго издөө жарыяланышы аларды тынчсыздандырууда.

Алим Бекматов 2018-жылы аталган компания менен келишим түзүп, үлүштүк негизде батир алууга акча берген. Анын айтымында, компания үйдү 2021-жылдын IV кварталында бүтүрүүгө убада берген, бирок курулуш ушул кезге дейре аягына чыга элек.

Батир алгандардын арасында чет жерде мигрант болуп иштеп, батирге деп жылдап чогулткан акчасын бергендер бар. Алардын бири Элзат Сатиева төмөндөгүлөргө токтолду.

Чогулгандар бул маселенин оң жагына чечилишине көмөк кылуу үчүн президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышты.

Бул боюнча «KG Групп» курулуш компаниясы маалымат бере элек.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 10-январда KG Групп» компаниясынын директору Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал «өлкөдө башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деп шектелүүдө.

КЕЛИН ЖОЛДОШУНУН УР-ТОКМОГУНАН КАЗА БОЛДУ

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында А.К. аттуу келин жолдошунун ур-токмогунан каза болду. Маалыматты  Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-январь күнү саат 15:00 чамасында болгон. Шектүү жубайы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып уруша кетип аялын муунтканы, маркум аба жетпей ошол эле жерде каза болгону аныкталган. Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көз тарабында көгөргөн жаракаты жана моюнунда кол менен муунтулган белгилер табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал эми ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ж.Г аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 179