• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Камалгандардын жакындары президентке кайрылды. «Азаттыкка» каршы ким арыз жазган?

27 Тогуздун айы 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АСТАНАГА КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Иш сапардын алкагында Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Жолугуууда Кыргызстан менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттары менен чаралары талкууланды.

Белгилей кетсек, сапардын алкаганда президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Европа Биримдиги” лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

 “КУМТӨР” КОМИССИЯСЫН МАСАЛИЕВ ЖЕТЕКТЕЙТ

Депутат Исхак Масалиев Кумтөр кенинен казылган алтындын сатылышын иликтей турган убактылуу депутаттык комиссияны жетектейт. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндөгү токтом долбоору жактырылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 эл өкүлү «макул» болду.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт. Аталган комиссиянын төрагасы – Исхак Масалиев, анын үч орун басары – Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова болду. Комиссияда азыркы учурда 20 мүчө бар экени айтылды.

КАРМАЛГАНДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫ ЖЫЙЫН КУРДУ

Бүгүн, 27-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келинди. Буга чейин маалымдалгандай, кечээ Абыловдун үйү тинтүүгө алынган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Ал эми бүгүн жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин жакындары Бишкекте маалымат жыйын курушту.

Бул арада массалык камоолор Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат  Жеңишбек Токторбаев сөз сүйлөп 23-октябрда белгилүү саясатчылар кармалды деп айтып жаткан  айрым кесиптештери менен макул эместигин жар салды. Анын айтымында башаламандык уюштурууга шектелгендердин арасында белгилүү деле саясатчы жок.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

“АЗАТТЫКТЫН”  ЖАБЫЛЫШЫ

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” басылмасынын сайтына эки айга чектөө койду.  Министрлик “Азаттык” 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген такталбаган маалыматтарды тараткан” деген жүйө келтирди. Аталган медианын үстүнөн ким арыз жазган? деген суроого министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева төмөндөгүлөрдү билдирди.

ТЕМИРОВДУН ИШИ

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы айыптоочу тарап даттанышкан. Маалым болгондой, прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоп, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну суранууда.

Эске салсак, 28-сентябрда Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун иши боюнча өкүмүн чыгарып, аны жарым жартылай актаган. Соттун чечиминде айтылгандай, Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңгизаттарды сактоо») жана 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча акталган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо») боюнча күнөлүү деп табылып, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза каралган эмес.

Белгилей кетсек, айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин билдирген болчу.

ЖУРНАЛИСТ САБАЛДЫ

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча милицияга арыз жазылып жатканын аталган маалымат каражаты 27-октябрда кабарлады.

Телеканалдын редакциясы кабарчы Бактурсун Жоробековдун сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептөөдө. Маалыматта айтылгандай, окуя 26-октябрда саат 23:30 чамасында болгон. Жоробековго төрт киши кол салган. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр телефон чалып издешкен жана коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

Ал эми бул боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы арыз каттоого алынганын кабарланды. Маалыматта, арыз ээси белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, Samsung үлгүсүндөгү телефонун, 3,5 миң сом акчасын тартып алынгандыгын билдирип, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөнү айтылат. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Журналисттерге кол салган учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен.

Количество просмотров: 368