• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттер абактан чыкты. Бийлик «Клоопту» жапканы жатат…

28 Баш оона 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАД ИШИ: ДАГЫ 3 АЙЫПТАЛУУЧУ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты. Алардын бөгөт чарасы 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан алты киши — Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип, 22-августтан тарта ачкачылык жарыялашкан. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуудан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

ПРОКУРАТУРА “КЛООПТУ” ЖАБУУНУ СУНУШТАДЫ

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” карата 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылды.

Прокуратуранын арызы боюнча “Клооп” басылмасы комментарий бере элек.

“Клооптун” соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы жөнүндө сөз болгон.

Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

ЗУЛУШЕВДИН КАЙНИСИ  ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫККАН

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 30-майда эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисин үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Бул маалыматты аталган соттон ырасташкан. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен шектүунүн бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 7-июлда каралып, 14-сентябрга чейин узартылган.

УКМК буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Атайын кызмат ушул жылдын март айында Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Алар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганын кабарлаган. Кармалгандардын арасында башкы прокурордун бир тууган кайниси дагы болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу дагы бардыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Зулушевдин кайниси бар экенин бышыктап, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын билдирген. Анда зыянды эки эселеп төлөп беришсе абактан чыгарышарын айткан.

УКМК АСПЕКОВГО ЖООП БЕРДИ

Улуттук коопсуздук комитети президент Садыр Жапаровдун мурдагы санаалашы, активист Мелис Аспековдун күнөөсүн далилдебегени үчүн атайын кызматы ага 10 миң доллардан ашык акчасын кайрып бергени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарды. Анда “опузалап талап кылуу” жана “алдамчылык” беренелери менен козголгон кылмыш ишинде сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратканын белгилген.
«Мелис Аспековго кайтырылып берилген каражат анын үйүн тинтүү маалында алынган жана далил буюм катары каралган эмес, иликтөөгө тиешеси жок болгон. Айыптоо өкүмү күчүнө киргенден кийин мыйзамдын талабына ылайык акча өзүнө кайтырылып берилди. Мындан улам Аспеков күнөөлүү жана акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери менен соттолгон болсо дагы УКМКнын ага акчасын кайрып бергенин айыбы жоктугу менен байланыштырып, коомчулукту атайлап адаштырып жатат»,-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Аспеков Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат аны кармап жатканда аларга өз ыктыяры менен берген акчасын күнөөсү жоктугу үчүн кайтарып бергенин жазган. Тергөөчү менен сот анын айыбын далилдей албаганын билдирген.

Аспеков ушул жылдын май айында абактан президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.

Эске салсак, былтыр мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, соттун биринчи инстанциясынын өкүмүндөгү Аспековду «алдамчылык» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасын берген эмес. Бирок Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

ЖЕР САТУУГА ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН ИШИ СОТКО ӨТТҮ

Чүйдө ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 28-августта Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук районунда “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон, алар жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүп сатуу боюнча туруктуу байланыш түзүп алышкан деп шек саналууда.

“2011-жылдан бери Сокулук районунун»Кадастр» жана архитектура мекемелеринин, Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө пайда көрүү максатында Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун №481-1 контурунда жайгашкан эки кварталдын башкы планына атайылап туура эмес маалымат киргизип, натыйжада кошумча 43,2 гектар жер тилкесин бөлүп, аны 5 соткадан бөлүштүрүп, 614 кишине жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберишкен. Ошентип, алар мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен”, — деп билдирди облустук милиция.

Количество просмотров: 146