• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Кемпир-Абад” келишимин комитет колдоду. Ак үйдүн алдында милиция укук коргоочуну сүйрөдү

15 Жетинин айы 2022 20:43 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

КЕМПИР-АБАД МАСЕЛЕСИ

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун каралып баштады. Жыйында депутат Адахан Мадумаров маселени ачык кароо керектигин айтып, комитет төрагасына кайрылды.
Жыйында депутаттарга жер ресурстары кызматынын башчысы Абдулат Мырзаев маалымат берип, кыргыз-өзбек чек ара келишиминде камтылган учурлар тууралуу айтып берди.
Абдулат Мырзаевдин докладынан кийин депутаттар суроо-жоопко өтүштү. Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков Кемпир –Абад суу сактагычы эки өлкөнүн ортосунда талаш качан кирип калганына кызыкты.

УКУК КОРГООЧУ КАРМАЛДЫ

Бүгүн парламенттин алдына Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүлбакта уланып, бийликке кайрылуу жолдоду.
Ал арада Ак үйдүн алдында бир нече адам менен турган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана аны менен кошо Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаевди милиция кармап кетти.

ЖМК МЫЙЗАМДАРЫ ТАЛКУУДА

Бишкекте «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер» аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдар, Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон чакырыктар жана коркунучтар талкууланды. Депутат Жанар Акаев кайсы бир сайт Маданият министрлигинин чечими менен, эскертүүсүз эле жабылып калышына макул эмес.

ЖОЛ КИРЕ АКЫСЫ
Жол акыны көтөрүү маселесин талкуулоого али эрте. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйынында билдирди.
Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин жогорулатуу маселеси каралып жатканы октябрь айынын башында кабарланган. Маалыматта күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу “транспорт тармагында оор кырдаал түзүлүп калганы” белгиленген.

Количество просмотров: 549