• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абадчылар Жапаровго кызматын тапшырууну сунушташты. Нарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

4 Бугу 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

«КЕМПИР-АБАДЧЫЛАР» АЖОГО КАЙРЫЛДЫ

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Алардын кайрылуусу бүгүн, 4-майда соцтармак баракчаларына жарыяланып, анда «коомдук импичмент» деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганы айтылган.

“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, — деп айтылды кайрылууда.

Анда “Баткендеги соңку эки кандуу окуя, Кемпир-Абад, Кумтөр сыяктуу кен байлыктардагы коррупция, соттолгон кылмышкерлерди мыйзамдаштыруу, адам укуктарын бузуу менен катар “Азаттыкка” окшогон эркин медиаларды жабуу, “кустуруу”, парламент менен соттун ишине кийлигишүү” деген жети маселе көтөрүлдү.

Бул кайрылууга президенттик администрация комментарий бере элек.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

БАШ МЫЙЗАМГА АРНАЛГАН ЖЫЙЫН

Бишкекте бүгүн, 4-майда «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын укуктук кесепеттери: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер» аттуу тегерек стол өттү. Кыргызстандын юристтер бирлиги «Тандем» уюштурган иш-чарага юристтер тобу, Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, 30 жыл ичиндеги конституциялык реформалар,Баш мыйзамынын кабыл алуу тарыхы,  азыркы учурдагы орду талкууланды.

Белгилей кетсек, эртең 5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленет. Өлкө тарыхында Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкарууну тандаган.

ЖАШЫРЫЛГАН МҮЛКТҮ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ МЫЙЗАМЫ КОЛДОО ТАПТЫ

Кыргызстанда адамдардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам долбоорлору бүгүн 4-майда Жогорку Кеңеште колдоо тапты. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 56 депутат колдоду, экөө каршы добуш берди.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан. 

 “ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНА” ИШ КОЗГОЛДУ

Башкы прокуратура «Туризмди өнүктүрүү фонду» ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу 4-майда маалымат берди. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго кылмыш иши туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу козголгонун билдирди.

Жыйынга Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова да катышып жатат. Ал кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсесинде жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому март айында түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.
Мындан тышкары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөрү айтылган.

АТ-БАШЫДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Нарындын Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчыларда 867 уй, 1400 кою бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.

ӨКМден ыкчам топ тартылып, Ат-Башы РМА- акимдин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык.

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.

Количество просмотров: 318