• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт отчет берип, какшыкка калды. Парламентке 1 ай иштейм деп «Шаки» келеби?

13 Бугу 2020 18:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган дагы 7 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1044 адамга жетти.

АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫНАН  ТЕСТ АЛЫНДЫ

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 убактылуу кармоочу жайдагы ( СИЗО-1) бир нече тарапташынан коронавируска ПЧР-анализ алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

 БЕТКАБЫ ЖОКТОРГО АЙЫП САЛЫНА БАШТАДЫ

Азыркы күндө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн жалпысынан 298 500 сомдук айып салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында өз ишмердигин баштоого уруксат берилген ишканалар баардык коюлган санитардык эрежелерди так аткаруусу абзел.

ӨКМӨТ ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНДА ОТЧЕТ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-майдагы отурумунда өкмөттүн отчету каралды. Өкмөт 2019-жылы аткарган иштер боюнча баяндамачы катары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берип, өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 18 млрд. сомго өскөнүн айтты.

МЫЙЗАМСЫЗ БАЙЫГАНДАРДЫ ЖООПКО ТАРТУУ СУНУШТАЛДЫ

Кыргызстан эгемендик алгандан бери сырттан 10 млрд. сомго жакын каражат келген. Аны даректүү сарптабай, ич ара бөлүштүрүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылууга тийиш. Мындай талап менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 13-майда өкмөт башчыга кайрылды.

ПАРЛАМЕНТКЕ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛЕТ

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан эки депутат Жаныбек Исаев жана Алмазбек Эргешов мандатын тапшырышат. Алардын арызы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.
















Количество просмотров: 482