• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус жугузгандар 6 миңге жакындады. Бишкекте чектөөлөр күчөтүлдү

1 Теке 2020 19:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 1-июлга карата Кыргызстанда дагы 439 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5735 адамга жетти.

ООРУКАНАЛАРДА КӨЙГӨЙ КӨБӨЙДҮ
Кыргызстанда өпкөсүн кагып ооруп жаткандарды дарылоо үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды.

МЕКЕНДЕШТЕРДИ ӨЛКӨГӨ КАЙТАРУУ УЛАНУУДА

Бүгүн Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине алып келинди. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ошол өлкөнүн окуу жайларынан билим алып жаткан студенттер. Алар «Даммам — Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам менен келген. Кайтып келгендердин баары тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

БИШКЕКТЕГИ ЖАҢЫ ЧЕКТӨӨЛӨР

Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу борбор калаадагы айрым тармактардын ишине чектөөлөр киргизилерин шаардын мэри билдирди.

Анын айтымында, жаңы иштөө режими иштелип чыкты.

АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абалы жалпы жонунан жаман эмес. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Жактоочу мурунку өлкө башчы менен жолуккан.

ТОҢДОГУ КЫРСЫК ЭКИ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 эркек адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала каза болуп, 2 эркек адам жабыркаган.

Количество просмотров: 613