• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коррупция эми муфтийди кызматтан алып түштү. Дайындала элек мэрге каршы митинг өттү (Түз эфир)

10 Бирдин айы 2021 19:22 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 10-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан үч адам каза тапты. 82 кишиге вирус жаңы жукканы маалым болду.

БИШКЕК ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЛМАШТЫ

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында митинг болуп өттү. Болжол менен 50 чакты адам чогулуп, мэрдин милдетин аткаруучу кылып башка адамды дайындоону талап кылышты.

МУФТИЙ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-февралда арызын жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, дин башкармалы башкы бухгалтеринин кармалышы боюнча комментарий соттун чечиминен кийин берилет.

ЖОЛДОГУ КОРРУПЦИЯ

Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль жолдору боюнча мамлекеттик дирекциясындагы коррупцияга байланыштуу 28 ишти иликтеп бүтүп, сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.

ШААРДЫК СОТТУН СЕЙФИНЕ КОЛ САЛУУ БОЛДУ

Бишкек шаардык сотундагы судьялардын иш бөлмөсүндөгү сейфтерге белгисиз адамдар кол салды. Болжолдуу маалымат боюнча, окуя бүгүн, 10-февралга караган түнү болгон.

Количество просмотров: 529