• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызды кемсинтем деп Малахов кыргыз депутаттарын дүрбөттү

26 Аяк оона 2019 21:42 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан комиссиянын көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 26-сентябрда Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өттү. Жыйынга Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары катышты. Алар 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда бейкүнөө жарандар сабалганын айтып, буга байланыштуу алар УКМКнын тиешелүү жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышты.

Кыргызды кемсинтем деп Малахов кыргыз депутаттарын дүрбөттү

24-сентябрда теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.
Анын мындай кадамына нааразы болгон социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучу кыргыз элинен кечирим сурашы керек деген талаптарды айтышкан. Бул демилгени ЖКнын айрым депутаттары да колдоду.

Количество просмотров: 2673