• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кыргызстан чет элдиктерге чек арасын жапты. Той бергендер жоопко тартылат

17 Жалган куран 2020 20:13 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНГА ЧЕТ ЭЛДИКТЕР КИРБЕЙТ
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалар тыгыны пайда болду. Кезек күткөн унаалар саны 100гө жеткенин көрүүгө болот. Жүк ташуучу унаалар эки күндөн бери чек арадан өтө албай, бүгүн гана кезекте тургандардын саны азая баштаган.

АБА КАТТАМДАРЫНЫН БИР БӨЛҮГҮ ТОКТОТУЛДУ
Бүгүн, 17-марттан тарта Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялангандан улам «Кыргыз темир жолу» ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

АШ-ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРДИ
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди. Өмүрбекова республикалык штабдын чечими менен өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга үч жумага чейин тыюу салынганын жарыялады.

ШАЙЛОО ЖЫЛДЫРЫЛБАЙТ
Жергиликтүү кеңештерге шайлоону өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырса болот.

АСАНОВДУН АЙДООЧУСУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ
Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыштарга байланыштуу камакка алынган мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу үй камагына чыгарылды.

ӨГӨЙ АТАСЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ
Өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жигит кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Количество просмотров: 347