• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Кайра шайлоого канча каражат кетет?

31 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙГА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭКСПОРТТОЙТ

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуй жолугуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле, эки өлкө расмийлери Шинжаң автономиялуу району менен ишкерлер кеңешин, Шинжаң менен Ысык-Көл облусу ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү келишимдерине кол коюп, Шинжаң медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен саламаттык жаатында кызматташтык да макулдашылды.

Кечээ 30-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюро мүчөсү Ма Синжуйду кабыл алган. Кытайдын өкүлү Бишкекке жумушчу сапары менен келген.

Кыргызстан акыркы 15 жылда энергетика тармагында бир нече ири долбоорлорду ишке ашырган: 390 млн. долларга “Датка-Кемин” электр өткөрүү чубалгысы курулган, 386 млн. долларга Бишкек ЖЭБ модернизацияланган, 375 млн. долларга Токтогул ГЭСи калыбына келтирилген. Мунун баары чет өлкөлөрдөн, негизинен, Кытайдан алынган насыянын эсебинен жүзөгө ашырылган. Өлкөнүн тышкы карызынын 40% ашуунун Кытайдын насыясы түзөт.

КАЙРА ШАЙЛООГО КАНЧА АКЧА КЕТЕТ?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлады.

БШКнын чыгашасы шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 13,2 миллион сомду түзөт.  Ошондой эле 5,4 миллион сом бир округдук шайлоо комиссиясына жана 51 УШКга бөлүнөт. Мындан тышкары, техникалык колдоо топторунун тартылган адистерине да төлөм каралган, алар 96 адам.

Күнү-түнү иштегенге байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүн тартылган ИИМ кызматкерлерине добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө тамактанууга суткалык чыгымдар төлөнүп берилет. 

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

ЖМК МЫЙЗАМЫ

Президенттик аппарат сунуштаган ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын долбоорунда, аны демилгелегендер менен мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик болууда. Мунун себебин жумушчу топтун өкүлдөрү мыйзам долбоорунун түзүлүшү улам өзгөртүлүп, жада калса аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк болбогону менен түшүндүрүүдө. Мындан улам, Акыйкатчылык ЖМКлар жөнүндө мыйзамды толуктап иштеп чыгуу боюнча эки тарапка диалог аянтчасын уюштурду.

ЛЕНИН РАЙОНУНА АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы милбек Абдыкадыров кол койгон.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматы аркалап келген. Президент 31-мартта кол койгон тескеменин негизинде Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган.

Эске салсак, 28-мартта Бишкектин Ленин районунун акими кызматын аркалап келген Руслан Тагаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.

 “КАДАСТРДЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы эки адиси кармалды.

Кармалгандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке байыуу максатында, кылмыштуулукка жол бергени аныкталган.

Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 410