• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан сомду өзү басып чыгара баштайт. Нарматованын чуулгандуу мыйзамынан депутаттар баш тартууда

9 Кулжа 2023 18:26 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ СОМУНА 30 ЖЫЛ

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Бишкекте улуттук валютанын – сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Анда бул жылдар аралыгында кыргыз сому “мамлекеттүүлүктүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди”,-деп билдирди. Ал жакынкы арада сомду өлкө ичинде басып чыгаруу башталарын айтты.

“Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатат. Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз”,-деди Жапаров.

Президент ушул жылдын башында Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштарын билдирген. Анда мамлекеттин казынасына кеминде 3 миллиарддай сом түшүп турарын айткан.

Сомдун 30 жылдыгына карата 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылган.

Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГЫ КАРШЫ МЫЙЗАМДЫН КЕСЕПЕТИ

Өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору нааразычылыктар менен коштолууда. Сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова баштаган 32 депутат демилгелеп алдыга сүрөп жатат.

Ал эми жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабыла турганын белгилеп, аталган мыйзамдын кесепеттерин эскертүү менен бийликке коңгуроо кагышууда.

БӨЛТҮРҮК ҮЙ КАМАГЫНДА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узартты.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды»,-деп билдирген.

Эске салсак, 2022-жылдын август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалып, тергөө абагына кигизилген.

АДАВАНДАГЫ ЖЕР ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул иш боюнча, 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кармалып, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 млн сомду түзөрү аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 5-июнунда Араван филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин эки  кызматкери кармалып жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

МАДАНИЯТ ТАРМАГЫНДАГЫ ИМАРАТТАРДЫН АБАЛЫ

Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелердин 80-90% авариялык абалда. Бул тууралуу бүгүн 9-июнда министр Алтынбек Максүтов Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, алардын баары капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Жетекчинин айтымында, Кыргызстанда бул министрликке караштуу 2139 имарат бар.

Количество просмотров: 250