• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан төрагалыкты Россияга өткөрдү. Министр депутатты «жалган айтты» деп айыптады

9 Бештин айы 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖЫЙЫНЫ

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин бул жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баштаган өкүлдөр катышууда. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул жыйынга байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышты.

Президент Садыр Жапаров кең чөйрөдөгү жыйынында сөз сүйлөп, Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жалпы аракети менен ушул жылы жазында азык-түлүк каатчылыгынын алдын алышканын билдирди.

Мунун алдында аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.

Бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы менен өлкө лидерлери биргелешкен документтерге кол коюшту.

Буга чейин уюмдун алкагында газ базарын түзүү, Бириккен Араб Эмираты менен кызматташуу жана ички көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу 17 маселе каралары белгилүү болгон.Ал эми президент Жапаров жыйындын жыйынтыкталышы менен анда каралган маселелерге учкай баа берип өттү.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

БЕКНАЗАРОВ КАМАКТА КАЛДЫ

«Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналган саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калды. Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алды.

Кошумчалай кетсек бүгүн жогорудагы иш боюнча кармалган активист Орозайым Нарматованын да баш коргоо чарасы каралды. Сот залына алынып келинген Нарматова президент Жапаровго кайрылуу жасады.

Ал эми бугункүгө белгиленген активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) бөгөт чарасы 12-декабрда каралмай болду. Cот отуруму шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчү менен жылдырылды. 9-декабрда Биринчи май райондук сотуна алып келинген Шаменов жана анын адвокаты активистти бүгүн суракка деп алып чыгышканын айтып, сотко даяр эмес экенин билдиришкен.

Эске салсак, 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан отузга жакын адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

СӨЗ ЭРКИНДИГИН КОРГОО АРАКЕТИ

МИНИСТР ДЕПУТАТКА ЖООП БЕРДИ

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун аталган тармактагы коррупция тууралуу сынына жооп кайтарды.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу депутатты «жалган маалымат таратып жатат» деп айыптады. Ошондой эле, Иманов эл өкүлү андан жана кызматкерлеринен тааныштарын жумушка орноштурууну талап кылганын билдирип, ал талабын аткаруудан баш тартышканын жазды.

Жусупбек Коргонбай уулу министрдин бул билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Ал парламенттин 8-декабрдагы жыйынында бул министрликтеги паракорчулукка байланыштуу маселе көтөргөн жана «коррупцияга эң көп малынган» мекеме катары сыпаттаган.

ОКУУЧУЛАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тарап жаткан калаадагы ондой мектепте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка туура келбейт деген маалымат таратты.

Милициянын кабарлашынча, 9-декабрда саат 8:25 чамаларында №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу 102 кызматына анонимдүү маалымат түшкөн. Милициянын ыкчам тобу барып мектепти курчоого алып, окуучулар жана мугалимдер имараттан чыгарылган. Мэриянын басма сөз кызматы эч кандай жардыруучу зат табылбаганын маалымдады.

Ал эми айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып шаардагы 11 мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуация болгонун жазды.

Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептердин баары 9-10-декабрь күндөрү онлайн окутууга өткөнүн кабарлады. Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелердин баарына бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук транспорттордун каттамдары чектелгенинен улам кабыл алынды.

Количество просмотров: 321