• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кышында свет өчөбү? Дин сабагы талаш жаратты…

6 Аяк оона 2022 18:01 Бишкек Govori.TV

СЕКЕЛЕКТИН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ

Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.
Мыкаачылык менен өлтүрулгөн 14 жаштагы кыздын окуясы коомчулуктун үрөйүн учуруп, бир катар талкууларды жараткан. Ал арада Кадамжайда иш сапары менен жүргөн Башкы прокурор Курманкул Зулушев иш адилеттүү тергеле турганын убада кылды.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КӨБӨЙДҮ

Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду. Маркум 2008-жылы туулган мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалды.

ДИН САБАГЫ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ

Билим берүү жана илим министрлиги мектепте “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окута турган мугалимдерди жумушка кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин басма сөз кызматы 6-сентябрда тараткан маалыматта айтылгандай, бул сабакты балдарга окутуу укугу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн теологдорго жана “Тарых” предметинин мугалимдерине берилери президенттин жырлыгында жазылган.
Бирок, министрлик белгилегендей, теолог адистер арасында «Жумушка албай жатат» деп нааразылыгын билдиргендер болууда. Алар документ кабыл алуу мөөнөтүнө жетишпей калганын белгилеген мекеме “Алар сабак өтө турган мугалимдер бекитилип, окутуудан өтүп жаткан учурда кайрылышкан” деп билдирди.

ОКУУЧУЛАР КЛАССТАРГА БАТПАЙ КАЛДЫ

Социалдык тармактын Жылдыз Бекбаева аттуу колдонуучусу Бишкектеги №29 гимназияда тартылган видео менен бөлүшүп, мектеп кургулачы деген билдирүү калтырган. «Балдарыбызга убал эле болду. Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды. Класстарда 45-50дөн окуучу, партада шпрот болуп тыгылып төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?» — деп суроо салды колдонуучу. Бүгүн Govori.TV маселе менен жеринен таанышып келди. Аталган мектепте чындыгында эле класстардын жетишпегени анык. Анткени 550 окуучуга ылайыкталган билим уясынан учурда 3500 окуучу билим алууда.

КЫШЫНДА СВЕТ ӨЧӨБҮ?

Кышында, жылуулук берүү мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөй турганын Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 6-сентябрдагы жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жетиштүү экенин жана күз-кыш мезгилине жете турганын айтты. Ал электр энергиясын импорттоо маселеси дагы каралып жатканын кошумчалады.
Өткөн кыш соңку жылдарга салыштырмалуу кыйла оор болуп, Токтогул суу сактагычында суу өтө аз топтолгондуктан, Кыргызстан электр энергиясын кошуналардан сатып алууга аргасыз болгон.

Количество просмотров: 330