Описание: Нарындын Кеңеш айылында жаңы ачылган контейнер мектеп акыркы күндөрү катуу талкууга алынып, Нарын облусунун башчысы кызматтан кетти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да сөз козголуп, эл өкүлдөрү өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.
Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө иштери аяктады. Бул иштин алкагында айып тагылган шектүүлөргө материалдар таанышуууга берилди. Жакынкы мезгилде бул иштин материалдары Башкы прокуратурага андан ары сотко берилээри айтылды.
Кошумчалай кетсек, Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия бергени боюнча ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карайт.
Кененирээк «Күндүн ыргагы» рубрикасында…