• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мамкызматкерлер шайлоого кийлигише албайт. Вирустун 2-толкунуна даярдыктар көрүлүүдө

2 Аяк оона 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ КЫРДААЛ

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 12 адамда коронавирус аныкталса, 66 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

КЫРГЫЗСТАНДАН ОРУСИЯГА УЧУУЧУ АБА КАТТАДАРЫ

Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Каттам 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин, күнүнө бир же эки жолудан болот.

Орусияга Кыргызстандан орус жарандыгы барлар, алардын балдары, ата-энелери, жубайлары бара алышат. Орусиядагы ооруканага дарыланыш үчүн бараткан жарандын колунда клиниканын чакыруусу болууга тийиш.

АТАМБАЕВ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА КАЛТЫРЫЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына которула турганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Көп өтпөй Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып жаткан соттук мамлекеттик айыптоочу тарап сотко өтүнүч келтирип, мурдагы өлкө башчысы Атамбаевди азыр кармалып жаткан тергөө абагында 13-сентябрга чейин калтыруу өтүнүчү келтирилген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

СТАТКОМ ЭЛ КАТТОО ЖҮРГҮЗГӨН ЖОК

Улуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышкандыгы тууралуу айтылууда.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ КАТЫШПАЙТ

Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок.

Коопсуздук кеңеши бул боюнча өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албай турганын түшүндүрүүгө милдеттендирди.

Количество просмотров: 330