• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мэрди түз шайлоо сунушу четке кагылды. Акча алган кызматкерлер жапырт кармалды

6 Чын куран 2023 18:42 Бишкек Govori.TV

ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунда Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөлдөө башкармалыгынын Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан. Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө “өз үлүшүн” алып турушкан.

Белгилей кетсек, бул коррупциялык схеманын уюштуруучулары өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында УКМК кызматкерлерине жашырып туруу өтүнүчү менен кайрылып, бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышкан, бул аракеттери да белгиленген жана документтештирилген.

Ушул жылдын 4-апрелинде жүк ташуучу унаанын айдоочусунан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул иш боюнча жалпысынан КР Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды.

МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИ КАРМАЛДЫ

Бишкекте “Түндүк электр” ААКнын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Северэлектро” ААКнун кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө, тагыраагы 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында “Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН КӨЙГӨЙЛӨР

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында аймактарды кыдырып келген депутаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев шаардагы тротуарларды оңдоого каражат бөлүү керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Нурланбек Ражабалиев Баткен районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылындагы Кожешкен дарыясынын жээгиндеги дамба өтө кооптуу абалда экенин белгилеп, эгер ал талкаланса суу айылды каптап кетүү коркунучу бар экенин маалымдап/, чара көрүүнү өтунсө, эл өкүлү Тазабек Тазабек Икрамов курулат деп айтылып жаткан стадиондун тагдырына кызыкты.

Бүгүнкү ЖК отурумунда буга чейин Бишкек ШИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаевдин «өспүрүм кыздар өз ыктыяры менен «жыныстык катнашка»,- барат деген билдүүрүсү боюнча кеп козголду. Депутат Винера Раимбачаева учурда балдарга анын ичинде өспүрүм кыздарга карата зордук зомбулуктун күчөп жатканын айтып, мындай иштерде милиция кызматкерлери тарабынан басып болгон учурлар болгонун белгиледи.

Ошондой эле бугун, 6-апрелде ЖК депутаттары Бишкек шаарынын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталган мыйзам долбоору 1-окууда четке кагылды. Демилгечилердин айтымында, борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН РЕФОРМАЛОО

Бүгүн Билим берүү системасын реформалоонун негизги багыттары боюнча форум өтүп жатат. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жогорку окуу жайлардын ректорлору, билим берүү тармагындагы адистер катышууда. Жыйында билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, анын сапатын жакшыртуу зарылдыгы талкууланды.

БООМ: ӨРТТӨН КИЙИНКИ АБАЛ

Кыргызстандык сүрөтчү Влад Ушаков Боом капчыгайындагы өрттөн кийинки сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Жашыл Мурас» программасынын алкагында бир көчөт да толук кандуу көктөп кетеби, билбейм. Бирок ага чейин Кыргызстан ушул көп убакыттан бери сакталып калган токойлордон ажырап калышы мүмкүн деген кооптонууну жаратат. Боом капчыгайындагы 60 гектарга жакын токой күлгө айланды», — деп жазды ал.

Эске салсак, 24-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган.

https://www.facebook.com/photo.kg/posts/10227024710515197
Количество просмотров: 1529