• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Митингден аялдарды автобуска тыккан милиционерлер жоопко тартылабы? Кыргызстанда “Нооруз” белгиленбейт

9 Жалган куран 2020 20:08 Бишкек Govori.TV

ЯПОНИЯДА КАРАНТИНГЕ АЛЫНГАН КЫРГЫЗ БИШКЕККЕ КЕЛДИ
Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди, ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

ТЕЛЕФОНДУК “ТЕРРОРИСТ” АНЫКТАЛДЫ
Телефон аркылуу жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

ПАРА ТАЛАП КЫЛГАН САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ
6-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен инспектору пара алуу фактысы менен кармалды

ТИЛЕКТЕШ МАРШЫ ЧУУ ЖАРАТТЫ
Бишкекте 8-Март аялдардан эл аралык тилектештик күнүндө жүрүшкө чыккан алты аял жана коомдук тартипти бузууга катышкан беш кишиге 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып салынды.

“КАРАВАНДЫН” ИЖАРАЧЫЛАРЫ НААРАЗЫ
“Караван” соода борборунан жыл сайын мамлекеттин бюджетине 74млн киреше түшүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта борбор калаадагы аталган соода борбордун сатуучулары маалымат жыйын учурунда билдиришти.

РУБЛДИН НАРКЫ ТҮШТҮ
Бишкекте коммерциялык банктарда долларга болгон талап күчөп, орус рублинин куну төмөндөп кетти.

Количество просмотров: 355