• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Нарматова журналистке каршы арыз жазды. Аксыда окуучу бычакталды

7 Бештин айы 2023 18:31 Бишкек Govori.TV

НАРМАТОВА ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ДАТТАНДЫ

“Арча Медиа” каналынын алып баруучусу Кундуз Жолдубаева, ошондой эле Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы суракка чакырылды.

 «Чакыруунун себеби — Арча медиа Ютуб каналында өткөрүлгөн «Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновник жана депутаттардын байланышы бар?» деген аталыштагы эфир боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын доо арызы. Мен эфирди алып баргам. Конок катары — «Айт Айт десе» жана Темиров лайв долбоорлорунун операциялык менеджери Махабат Тажибек кызы болгон. Ал дагы суракка чакырылды», — деп жазган ал.

Жогоруда аталган берүүдө кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө сөз болот. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын да аты аталган.

Депутат Нарматова коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору. Долбоор 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Бул боюнча бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч жаратарын эскертип келет. Демилгечи депутат Нарматова мындай сындарды четке каккан.

МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДЫН САБАЛЫШЫ

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы майыптыгы бар адамды сабап жаткан видео боюнча маалымат берди. Окуя 2021-жылы болгондугу жана бейтапты урган жаткан киши аныкталган.

Текшерүү учурунда азыркы күндө Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп иштеп жүргөндө күзөттө турган учурда ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткендиктен аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн билдирген.

Ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео боюнча сурак жүргүзгөндө бул видео 2021-жылы декабрь айында тартылгандыгы, Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан аталган видео тасма 2023-жылдын 6-декабрында тарагандыгы маалым болду.

Бул факты учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Сабалган бейтапка соттук-медициналык экспертиза дайындалды, аны урган кишиге юридикалык баа берилери айтылды.

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов ушул маселени көтөрүп, тез арада териштирүү жүрүүсүн талап кылды.

АСКЕР ОКТОН КАЗА БОЛДУ

Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен Ошто УКМКнын Чек ара кызматынын аскери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык 6- декабрь күнү болгон. 2005-жылы туулган  аскер кызматкери АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой, ал сентябрь айынан бери кызмат өтөп жаткан.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.

ӨСПҮРҮМ БЫЧАКТАЛДЫ

Аксы районунда өспүрүм бычакталып каза болгон. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

5-декабрь күнү Аксы райондук милициясына 2006-жылы туулган бала көкүрөгүнөн бычактан жаракат алып, каза тапканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул окуя Аксы РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну 2007-жылы туулган М.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

КӨЛБАЕВДИН КЫЛМЫШТУУ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди. Мекеме билдиргендей, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана аларды каржылаган ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “кылмышка кошо катышкан” деп айыпталып кармалган.

Атайын кызмат шектүү Көлбаевдин кылмыштуу аракеттеринен жана ишкерлерден опузалап акча чогултарынан кабардар болуп туруп, кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен макулдашып узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдаштырып жүргөнү аныкталганын билдирди.

Маалыматта ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акчасын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктар аркылуу чыгарып турганы айтылат.

Атайын кызмат шектүүгө таандык деген мүлктөрүн жарыялады. Арасында  эмерек дүкөндөрү, 1222 чарчы метр имарат салынып жаткан жер участогу жана жакын туугандарынын атына катталган турак жай жана батирлер бар экени белгиленген.

Шектүү 4-январга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

Эске салсак, «Кримтөбөл» деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 189