• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ошто өспүрүмдү ала качышты. Депутаттар өкмөткө нааразы

19 Тогуздун айы 2022 19:31 Бишкек Govori.TV

7 МИЛЛИОНУНЧУ ЖАРАН ТӨРӨЛДҮ

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлүп, анын ысымын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы жыйын учурунда айтты.

Ал эми президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

ЖК ӨКМӨТТҮН МААЛЫМАТЫН  УКТУ

Бүгүн, 19-октябрдагы ЖКнын жалпы жыйынында өкмөттү саат уюштурулуп, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү депутаттарга маалымат беришти. Жыйында маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара маселелерин чечүү зарылчылыгына токтолуп: «Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек», — деп кошумчалады. Ошондой эле Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди.

Министрлер кабинетинин баямаларынан кийин депутаттар талкууга өтүп, өкмөт мүчөлөрүнө бир катар суроолор берилди.

Анда депутат Камила Талиева министрлер кабинетинин жоопторуна нааразы болуп, аларды сынга алды.

Ал эми ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн берип жаткан маалыматын алгач өзү угуп, тактоо, кошумчар менен депутаттарга алып келүү керек экенин белгилеп өттү. Айрым депутттардын сынына жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы депутаттары калыс болууга чакырып өттү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо, эмгек мигранттарынын чет жерлердеги абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети маалымат берди.

АЙДАРБЕКОВ БИЛДИРҮҮ ЖАСАДЫ

ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кетүүсү керек деген пикирилер тууралуу жооп берип, бүгүн, 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, ал комитет төрагасы кызматынан тынч кетип калуу чечимине өткөн жыйындан соң келген.

Ошондой эле ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшүү болгонун айтты.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.

Кечээ, 18-октябрда Twitter баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине кол койбой жаткан комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбековго сын айтып, өз пикирин билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Айдарбековдун келишимдин долбооруна кол койбой жатканы тууралуу өз пикирин айтты.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

АКТИВИСТТЕРДИН СОЗУЛГАН СОТУ

Акыркы мезгилде коомчулукта жарандык активисттердин кармалышы, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүшү кызуу талкууланып, аларды бошотуу талабы байма-бай айтылып жаткан чагы. Бул жагдай боюнча а түгүл эл өкүлдөрү дагы парламент трибунасынан үн катышты.

КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ

Ош шаарында 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 22:00дөр чамасында Ош шаарынын А.Масалиев менен Зайнабитдинов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып жаткан жеринен “күйөө бала” болчу 27 жаштагы жигит жана анын шериктери 37 жаштагы эки жана 36 жаштагы бир жаран  кармалган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 197-беренесинин (“Никеге туруу үчүн ала качуу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Алардын баш коргоо чарасы эртең, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.

Количество просмотров: 195