• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Парламент кийинки жылдын бюджетин бекитти. Окуучуну зордуктоого аракет кылган шектүү 20 күндөн кийин кармалды

14 Бештин айы 2023 19:12 Бишкек Govori.TV

ПАРЛАМЕНТ 2024-ЖЫЛГА БЮДЖЕТ БЕКИТТИ

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында өлкөнүн 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине карата бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты

Депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн бюджетти аткаруудагы көрсөткүчтөрүн оң баалады.

2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. Чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.

Кийинки жылга гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. Чыгаша 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. Кийинки жылы бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлады.

Бул жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт. Соңку жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору ошондон бери жумуштарын активдүү фазада улантып, тынымсыз жолугуп жатышат. Алардын соңку – 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен.

КАЛКТЫН ДЕМОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында депутат Камила Талиева Кыргызстандагы калктын демографиялык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин айтты. Депутат Талиева мындан ары мамлекетти үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жакшыртууга чакырды.

СНХ: ЖК депутаты  Камила Талиева

Ал арада «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып,  өлкөдө жылдан-жылга төрөт азайып жатканын ырастады. Анын айтымында ага бир нече себеп бар.

“Балдардын төрөлүшүнүн азайышы жалаң эле бизде эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалууда. Кыргызстанда буга биринчи кезекте миграция процесси себеп. Кошумча контрацептивдик каражаттар, дары-дармектер коомчулукка жеткиликтүү. Балким ушундан улам да кыскаруу болушу мүмкүн. Мындан сырткары Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо үй-бүлөнү пландоо боюнча консультациялар берилип келет. Ушул жагынан да адамдар маалымат алып, пландап балалуу болууга өтүп жатышы ыктымал. Канткен күндө да эки балалуу болобу, же үч-төрт балалуу болобу, бул ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн чечими”, – деди ал.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы тогуз айында Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.

КАДАМЖАЙ МЕНЕН ЧОҢ-АЛАЙГА АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ

Баткен облусунун Кадамжай районунун акимдигине Болоткан Баяке уулу жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун акимдигине Мирбек Шамырканов дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров 14-декабрда кол койду.

2021-жылдын май айынан бери Кадамжай районун жетектеп келаткан Кутпидин Шакиров быйыл 12-декабрда кызматтан алынган. Ал райондо өтүп жаткан Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган мааракеге байланыштуу алынганы 13-декабрда маалым болгон.

Чоң-Алай районунда буга чейин аким болуп турган Темирболот Абыкеев 7-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалган.

Кадамжайга аким болуп келген Болоткан Баяке уулу 30 жашта. Ал буга чейин Чүйдөгү Сокулук жана Оштогу Кара-Суу райондорунун акимдеринин орун басары болуп иштеген. Чоң-Алайдын жетекчилигине келген Мирбек Шамырканов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагын башкарган. 

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында К.Г. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин РИИБге белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 8:47 чамасында Жибек-Жолу менен Манас проспектисинин кесилишинде белгисиз жаран анын 2008- жылы туулган жашы жете элек жээнине кол салып, зордуктоого аракет кылганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткени жазылган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37,154-беренесине ( Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 97