• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Партаны жер төшөккө алмаштырган окуучулар. Партияларга фейсбукта үгүт жүрузүүгө тыюу салынабы?

8 Аяк оона 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 198 бейтап айыгып чыкты, бирок ошол эле убакта дагы 68 киши илдет жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти.

ЖАҢЫ ООРУКАНАНЫН КУРУЛУШУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Бишкекте курулуп жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу талкуу жаратты.  Интернет колдонуучулар оорукана сапатсыз курулуп жатат деген сыяктуу сын пикирлерди жазышууда. Буга байланыштуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтылган сындарга жооп берди.

АБА КАТТАМДАР КАЛЫБЫНА КЕЛИП ЖАТАТ

Аба каттамдар этап-этабы менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, Россия менен сентябрь айында 20 каттам аткарылды. 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты. Учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди.

МЕКТЕПТЕ ЭМЕС, МУГАЛИМДИН ҮЙҮНДӨ ОКУГАН ОКУУЧУЛАР

Социалдык тармактарда окуучуларды онлайн окута албай, үйүнө чакырып окутуп жаткан учурда тартылган сүрөт тарап, кызуу талкууга алынды. Сүрөттү «Твиттердин» колдонуучусу жүктөп, ал Баткенде тартылганын жазды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя такталып жатканын кабарлады.

АЙРЫМ ТАЛАПКЕРЛЕР ТИЗМЕДЕН ЧЫКТЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 партиянын айрым талапкерлерин берген арызынын негизинде каттоого алган жок. Маалым болгондой “Ата Мекен”  саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Алымбеков тизмеден чыгарылды. Ошондой эле “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен алты талапкер чыгарылды. Алар — Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова. БШК мындан тышкары, “Социал-демократтар” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Океновду да чыгарды.

ОСМОНАЛИЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Османалиев Кылмыш кодексинин 186-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча  Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган.

Количество просмотров: 280