• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Партиялар кайра шайлоого шымаланды. Жапаров коррупционерлерди 30 күн ичинде сыгабы?

21 Тогуздун айы 2020 21:02 Бишкек Govori.TV

КАЙРАДАН ШАЙЛОО ТАЛАШКА ТҮШТҮ

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу  БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе талкуулашты. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады.

ЭКОНОМИКАЛЫК МУНАПЫС ЖАРЫЯЛАНДЫ

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялады.

БАШКЫ ПРОКУРОР КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Жогорку Кеңеш президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан бошотуу сунушун жактырды. Буга чейин Жамшитовду кызматтан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырып, ал маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

АТАМБАЕВ МЕНЕН ШАДИЕВДИН ИШИ СОТКО ӨТТҮ

Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1118 кишиге жетти.

Количество просмотров: 150